Бишкектеги батирлердин биринин өрт чыгып, 69 жаштагы киши түтүнгө ууланып калды

Автор -

Энергетиктер шаарчасындагы Ауезов көчөсү №15 үйдүн батиринин аянты 16  чарчы метр бир бөлмөсү жана төшөнчөлөрү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен 1952-жылы туулган Т.В. аттуу эркек киши  түтүнгө ууланып Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Бөлүшүү