Бишкек шаарынын айрым райондорунда 19-февралда ичүүчү суу өчүрүлөт

Автор -

Курулуш-монтаж иштерине байланыштуу 19-февраль саат 9.00 дөн 24.00гө чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» ишканасы билдирди.

Таза суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

— №3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 кичи райондору,

— Асанбай,

— Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2,

— Көк-Жар,

— Улан-1,

—  Улан-2 конуштарында;

— Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар,

— Арча-Бешик,

— Ынтымак,

— Бакаев,

— Киргизия-1,

— Киргизия-2,

— Ала-Арча,

— Браво,

— Ордо,

— Орто-Сай-2,

— Сары-Өзөн,

— Салкын-Төр,

— Совмина,

— Орто-Сай айылы,

— Чоң-Арык жана Орок;

—  «Ак-Кеме» мейманканасы,

— «Ак Ун» жана Грибоедов көчөсүндө суу болбойт.

«Бишкексууканал» суу камдап алууну сунуштап, ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурайт.

Бөлүшүү