Алтынай Өмүрбекова Маданият министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

Автор -
204

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2018-жылдагы ведомствонун ишмердигинин жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланган коллегиялык жыйынына катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө министрликтин тиешелүү тармактары боюнча жетекчилери аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, ал эми министр Азамат Жаманкулов 2019-жылы аткарыла турган биринчи кезектеги милдеттерге токтолду.

2018-жылы маданият тармагында дүйнө коомчулугунун назарын бурган эң ири иш-чаралардын бири III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий иш-чаралары жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде белгиленди баса белгиленди.

Өмүрбекова маданият жана туризм тармагынын олуттуулугун баса белгилеп, айлык маянанын аздыгына карабай кыргыз искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө салым кошуп жаткан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө маданият тармагындагы жыйынтыктар жана жакынкы мезгилге карата артыкчылыктуу пландары тууралуу маалыматтар талкууланды.

Өмүрбекова баса көрсөткөндөй, министрликтин ишин алдыга жылдыруу максатын колго алуу менен тармактык укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу, аткаруу дисциплинасы, өлкөдөгү маданият кызматкерлеринин айлык акысын баскычтуу көтөрүү жана өлкөнүн экономикасына түз таасир эте турган, жаңы түзүлүп жаткан «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын ишин күчтөндүрүү зарыл.

«Бүгүнкү күндө өкмөт бул маселенин үстүндө иштеп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Ал эми министрлик өз кезегинде маданият тармагындагы артыкчылыктуу маселелерди колго алып аракет жасап жатат. 2019-жылы республикада бир катар ири маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган. Алсак, Кыргыз Республикасы төрагалык кылган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин маданий бөлүгү, Түрксой эл аралык маданий уюму тарабынан жарыяланган «Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” жана кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүп өсүшүнө салым кошкон белгилүү инсандардын маарекелик иш-чаралары. Ал эми бул иш-чараларды жогорку деңгээлде алып баруу үчүн министрлик тиешелүү иш-аракекеттерди алып барат деп ишенем», – деди Омурбекова.

Ошондой эле жакынкы арада А.Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин концепциясын иштеп чыгуу, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын айланасындагы мыйзамсыз курулган объекттерди алгачкы көрүнүшкө алып келүү тууралуу тапшырмаларды берди.

Вице-премьер-министр маданият улуттун жүзү экендигин жана бул тармактын маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, министрликтин жетекчилигине жана жамаатына ийгилик каалады.

Бөлүшүү