Каракол шаарындагы мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү катары кармалган беш баланын баш коргоо чарасы аныкталды.
Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына ылайык, кечээ 13-февралда Каракол шаардык соту 5 баланы камакка алуу чечимин кабыл алды. Ага ылайык, 17 жаштагы үч бала эки айга, 16 жаштагы эки бала бир айга убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Буга чейин Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан cөөгү табылган 18 жаштагы мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүүлөр кармалган.
Алар өч алуу максатында аны таяк менен сабашкан.