ЖЭБ чыры: Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери жана мамлекетке келтирилген чыгым маалым болду

Автор -
251

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышын териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Жогорку токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊештин токтомун аткаруу алкагында бир катар иштиктүү чаралар көрүлүп, Бишкек ЖЭБинде оӊдоо иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Жаӊы сууну химиялык тазалоо цехи курулуп, ал сыноодон өткөрүлүп, ал мурдагы цех менен кошулду. Орусиялык адистердин көмөгү менен ЖЭБде иштеген техникалык кызматкерлер окутулду. Ошондой эле, баардык цехтер жылууланды», — деди ал.

Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери териштирилип, тергөө жыйынтыгында бир топ жаӊы жагдайлар ачыкка чыкканын белгиледи.

«Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча бир катар кызмат адамдарына кылмыш иштери козголуп, азыр сотто каралып жатат. Андан тышкары, Бишкек ЖЭБин реконтрукциялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын жумшалышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында бир топ кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, азыр ал сотко өткөрүлдү», — дейт ал.

Андан тышкары, кытайдын ТВЭА компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап Бишкек ЖЭБин оӊдоого колдонула турган техникалык жабууларды сатып алуудан жана анын жүрүшүндөн көзөмөлдөөдөн четтеп калганы белгилүү болду. Ошондон улам, ТВЭА компаниясынын техникалык жабдууларды кыйла кымбат баада сатып алуусуна шарт түзүлгөн. Ушундай калпыстыктардын натыйжасында мамлекетке 111 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Бөлүшүү