ЖЭБ чыры: Күнөө 8 адамга оодарылып, депутат, төрага эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаган?

Автор -

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Ирина Карамушкина Бишкек ЖЭБи боюнча күнөө 8 адамга оодарылып, депутат, төрага эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаганына кызыкты.

«Сапар Исаков 386 миллион долларды өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, мындай айтканда 120 депутаттан турган парламентти ишендирип, келишимдерди ратификация кылган. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган. Ал чечим күчүндө турат, ал жокко чыгарылган жок, насыянын келиши мыйзамдуу. Бул нерсе депутаттык комиссиянын чечиминде да айтылган, насыя мыйзамдуу, анын укуктук күчү бар. Бул жерде парламент тарабынан эч кандай мыйзам бузуучулук болгон эмес», — деди Жамшитов.

Ал эми төрага Дастан Жумабеков Жогорку Кеӊештин депутаттары трибунада сүйлөгөн сөздөрү үчүн жооп бербей тургандыгын билдирди.

Бөлүшүү