Жогорку Кеӊеште ТВЭА компаниясын Кыргызстанга ким алып келгени айтылды

Автор -
207

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында ТВЭА компаниясын Кыргызстанга ким алып келгени айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Каныбек Иманалиев: «Кыргызстанга алгачкы ирет ТВЭА компаниясын ким алып келген?»,-деген суроо берди.

«ТВЭА компаниясы Кыргызстанга 2010-жылы эле келген экен. Бирок, конкерттүү жумушка 2011-жылы киришкен. Ошол жылы алар «Датка -Кемин» проектиси менен ишин баштайт. Алар менен сүйлөшүүнү Аскарбек Шадиев жүргүзгөн. Кыргызстанга ошол киши алып келген»,-деп жооп берди УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү