КСДП: Жогорку Кеңеште өткөн угууну сотко карата жасалган далилсиз кысым катары баалайбыз

Автор -

Жогорку Кеңеште өткөн угууну биз сотко карата жасалган далилсиз кысым катары баалайбыз. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Жогорку Кеңештеги угуулар жактоочу Нурбек Токтакуновдун айткандарын гана тастыктады, буга чейин ал Сапар Исаковдун жана башка айыпталуучулардын дарегине коюлуп жаткан айыптоолор тергөөчүлөрдүн куру кыялдарына гана негизделгенин билдирген эле.

Эксперт сөрөйлөрдүн ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштердин 90 пайызын болгону 50 млн. долларга гана жасаса болмок деп кечеки айткандарын эле алып көргүлөчү. Бул ЖЭБдин электр энергиясын иштеп чыгуудагы 300 мегаваттык кубатын өстүрүү болбоду беле! Эмнегедир ошол замат эле 2009 –жылдын марты эске түшөт, анда да Медет Садыркулов менен анын жолоочуларынын чуулгандуу өлүмүн ушулар сыяктуу эксперттер унаа жол кырсыгы деп сыпатташкан эле. Эксперттер ошондо да, азыр деле жогортон болгон буйрутманы аткарып жатышканы акыл-эси ордундагы ар бир эле адамдын оюна келери түшүнүктүү. Мындан башка эмнени ойлоо керек?

Кечээ күнү Жогорку Кеңеште өткөн угууну биз сотко карата эптеп жасалган жана эч кандай далилдери жок кысым катары баалайбыз. Бийликке ушундай кысым керек болуп турат. Анткени жок дегенде аз –маз акыйкаттык бар ар кандай соттук процессте ЖЭБди модернизациялоодон келип чыккан зыян боюнча тергөөчүлөр ойдон чыгарып кураган айыптоолордун түзүмү оңой эле быт-чыты чыгат. Биринчиден, зыяндын суммасы ачык эле ойдон чыгарылган. Экинчиден, Сапар Исаковдун спикерди, премьер-министрлерди жана башка адамдарды мыйзам бузууга мажбурлаганы боюнча эч кандай далилдер жок. Үчүнчүдөн, кимдир бирөөлөр кысым көрсөткөн күндө деле алар мыйзамды бузууга укуктары бар беле?

Кеп депутаттардын ратификациялоого добуш бергенинде эмес. Катардагы депутаттар спикердин жана профилдик комитеттердин төрагаларынын жоопкерчилигине карашат. Чынында спикер жана профилдик комитеттердин төрагалары, тергөө натыйжада мамлекетке «111 млн. долларлык ири зыян келтирилген» деп эсептегендей, регламентти атайын бузууга укуктары бар беле? Кеп мына ушунда. Арийне, андай укуктары болбогону түшүнүктүү! Ооба, азырынча алар суудан кургак чыгып жатышат, бирок эртедир кечтир, баары бир жооп берүүгө туура келет.

Эми экс-президенттин дарегине айтылып жаткан «коркутмайлар» жөнүндө. Кыязы тергөө бул жылдар ичинде Кыргызстанда бир гана президенттин Аппараты иштеп, парламент жана өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр иштебей эле унчукпай мыйзамдарды бузуп гана отурушкан деп эсептейт окшойт. Биринчиден, Сапар Исаков да, президент да эч качан мыйзамдарды бузууну талап кылышкан эмес. Алмазбек Атамбаевдин иш стилине болсо дайыма адистердин пикирин угуу мүнөздүү болуп келет. Анын аңгемелештери өзүлөрүнүн принципиалдуу позицияларын ачык, так айтып турган учурларда деле дайыма баарына мыйзамга карап гана иш тутууну сунуштаган. Экинчиден, спикер да, премьер-министр да эч качан президентке, анын Аппаратына андан бетер, баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктар да жетишерлик болгон. Демек, жоопкерчилик да ошончолук болушу керек.

Бөлүшүү