Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар жетекчилерине сөгүш берилди

Автор -

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушталды. Тиешелүү сунушту Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында киргизди.

Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе каралган.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.

Көзөмөлдөө багыттары боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүн талкуулоонун жыйынтыгы боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Бегимкуловго

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Рахат Исаковго

— Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Бактыбек Алайчиевге

— Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Мелис Райымкуловго

— Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Кеңеш Салиховго

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баймурат Бекмуратовго

— Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Эмильбек Абдыкадыровго

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Данир Иманалиевге

— Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Жакыпбек Субагожоевге

— Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Бектеналы Дүйшебаевге сөгүш берүү сунушталды.

Муну менен катар Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлбарчын Исаковага, Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Музафаржон Мамасаидовго жана Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ниязбек Козуевге сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Ошол эле учурда:

— Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбековду

— Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дуйшебаевди

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытовду

— Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкуловду

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаевди

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиевди

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү