Өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улууттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, 17-февралда Кыргызстандын аймагында саат 10:44 чамасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө 3 баллдан 4 баллга чейин жеткен. Алгач жер титирөөнүн очогу Көк-Бел аймагында байкалып, 4 балл болгон. Ал эми Кетмен-Төбө айылында — 3,5 баллга жетсе, Кара-Көл, Токтогул, Үч-Терек, Саркат, Бор-Дөбө, Жетиген жана Кара-Жыгач аймактарында 3 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.