Тоң районундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 7 адам жабыркады

Автор -

Тоң районундагы жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 18-февраль күнү саат 21:40та Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Анда  “Тойота ист” жана “Ауди С-4” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 7 адам ар кандай жаракат алган.

КР ӨКМнин №38 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү