Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Президенттин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планына жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясын, ошондой эле «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашырууга байланыштуу маселелер каралды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясы жактырылган, ал өлкөнү санариптештирүүнүн конкреттүү түзүмүн, так башкаруу тутумун жана негизги процесстерин аныктайт.
«Бүгүнкү күнү коюлган максаттарга жетишүү үчүн 2019-2023-жылдарга ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоору иштелип чыккан. Жол картасынын максаты жана милдеттери – өлкөдө бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү, бардык мамлекеттик бийлик бутактарын комплекстүү жана бир беткей камсыз кылуу, жарандардын жана бизнес-түзүмдөрдүн онлайн каражаттар аркылуу чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун камсыздоо болуп саналат. Ошондой эле инновациялык технологияларды киргизүү жана санариптик билим жана компетенцияларды кеңейтүү», – деп билдирди ал.
Бакыт Шаршембиев белгилегендей, 2019-2023-жылдарга карата Жол картасынын долбоорунун алкагында 250гө жакын иш-чараны жүзөгө ашыруу пландалууда, анын ичинен 2019-жылы 98 иш-чараны аткаруу керек, алардын 43ү инфраструктуралык долбоорлор болуп саналат.
«Өлкө Президенти тарабынан 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты эске алганда, өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү бул мезгилдин негизги багыты болот. Биринчи кезекте өлкөнүн бардык аймагында Интернет түйүндөрүнө кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат, бул аркылуу глобалдык түйүндөргө жана маалыматтарды берүү магистралдарына натыйжалуу, ишенимдүү жана кымбат эмес кошулууга мүмкүн болот», – деди МТБМК төрагасы.
Мындан тышкары жыйында белгиленгендей, бүгүнкү күнү Президенттин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Бирдиктүү аймактык беш жылдык иш-чаралар Планын жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясын ишке ашыруу уланууда.
Учурда иш-чаралар Планын актуалдаштыруу максатында мамлекеттик органдардын тийиштүү сунуштары жалпыланды.
Маалыматты угуп чыккан соң Кубатбек Боронов өзгөчө басым жасагандай, өлкө Президентинин Жарлыгында 2019-жылга карата бир катар милдеттер белгиленген, алар шарттарды түзүү, калктуу жерлерде жашоо шартын жогорулатуу үчүн сапаттык өзгөрүүлөр аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Президенттин Жарлыгын натыйжалуу аткаруунун алкагында тиешелүү мамлекеттик органдар кыска мөөнөттөрдө конкреттүү критерийлерди карманып, иш-чаралар Планын актуалдаштыруу боюнча өз сунуштарын киргизүүлөрү керек.
Жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр эскерткендей, уюштуруу комитетинин алдындагы милдеттери олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамилени талап кылат. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча ар квартал сайын талдоо жүргүзүлүп, алдыга коюлган бардык милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылбаган жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөт», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.