Бишкектеги жол кырсыгынан 21 жаштагы жигит каза болду

Автор -

Бишкек шаарында жайгашкан Аалы Токомбаев көчөсүндөгү жол кырсыгынан 21 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, окуя 24-февралда түнкү саат 23:00 чамасында катталган. Анда өтмөктөн өтүп бара жаткан К.Р аттуу жаранды 27 жаштагы Н.Д. аттуу айдоочу Фольксваген-Гольф-5 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен.

Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калган.

«Окуя боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, тергөөгө жиберилди»,-деп баса белгиледи аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү