Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш кылган

Автор -
342

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Бул тууралуу бүгүн «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, казак делегациясы менен болгон февраль айындагы жолугушуу учурунда эки тарап жазгы сугат иштери тууралуу кеп курган. Анда казак тарап агызылып жаткан суунун көлөмүн түз эфирде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видеокамера орнотууну сунуш кылган. Кыргыз тарап мындай сунушка макул болбой турганын айткан. Делегациясы кеткенден эки күндөн кийин Казакстан Кыргызстандагы айрым айыл чарба өндүрүмдөрүн киргизүүгө тыюу салган.

20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министри Кыргызстан Казакстандын гидропостторго эсептегич коюу тууралуу талабын аткарбай турганын айтып, Кыргызстан эгемен мамлекет болгондуктан бул анын купуя иши экенин билдирген.

19-февралда Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар чыгып жатканы менен негиздеген.

Бөлүшүү