Көк бөрү боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин депутаттары жеңишке жетти

Автор -

23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин депутаттары жеңишке жетти.

Мелдешке Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алгач Жогорку Кеңештин депутаттары журналисттер менен ойноп, 1 – 0 эсебинде жеңишке жетишти. Андан соң Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин утуп алган Өкмөт өкүлдөрү менен таймашып, аларды финалда депутаттар 2 – 0 эсебинде жеңип алды.  Финалдык таймашта биринчи улакты команданын капитаны Канат Исаев, экинчисин Курманкул Зулушов эңип барып, тайказанга Урмат Саамаев салды.

Натыйжада экинчи орунда вице-премьер-министр Замир Аскаров баштаган Өкмөт өкүлдөрү багынтса, үчүнчү орунга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги жетишти.

Бардык командалар атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.