Көпүрөгө буту кыпчылып калган 13 жаштагы бала куткарылды

Автор -

Бишкек шаарындагы 12-кичи райондо жайгашкан көпүрөгө окуучу кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-февралда болгон. Анда куткаруучулар Аалы Токомбаев атындагы көчөдө жайгашкан көпүрөнүн арматурасына кыпчылып калган окуучуга жардам беришкен.

«2006-жылы туулган Д.С. аттуу окуучунун буту кыпчылып калган жерден чыгарылып, алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы», — деп айтылат маалыматта.