Ошто коомдук транспорттордо электрондук билеттер ишке ашырыла баштады

Автор -

Бүгүн, 25-февралда Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке берүү башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда шаардагы №1 багытындагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл алып баштады. Ушул жуманын аягында троллейбустун №2 багыты, ал эми март айында коомдук автобустарда ишке берилет. Автоматташтырылган системалар толук режимде иштеп, ар бир жүргүнчү борбордук тейлөө аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт.

«Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Болгону картаны сатып алгандан кийин анын балансын толуктап туруу керек»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда, электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо киргизилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү