Бакиевдин тушунда уурдалган акча кайтарылат

Автор -
276

АКШ Кыргызстанга мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтарып берет.

Буга байланыштуу 25-февралда Бишкекте эки тараптуу билдирүүгө кол коюлду. Документке ылайык, Кыргызстанга АКШдан 4,5 миллион доллардан ашык акча келет.

Эки тараптуу биргелешкен билдирүүгө Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс кол койду.

Элчи Элис Уэллс мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык активдерди кайтаруу иштерин эки тараптуу кызматташтыктын жетишкендиги катары сыпаттады:

— Экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү уурдаган 4,6 миллион долларлык активдерди териштирүү жана кайтарып алуу — эки өкмөттүн, атап айтканда, биздин укук коргоо органдарынын көп жылдан бери уланып жаткан кызматташтыгынын туу чокусу болуп саналат. Бул каражаттарды кайтарып алуу — чоң жетишкендик жана биздин эки тараптуу мамилелер үчүн абдан маанилүү учур. АКШ өкмөтү президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнө колдоо көрсөтөрүн баса белгилейт жана коррупцияга малынган аткаминерлер кыргыз мамлекетинен уурдаган каражаттарды кайтарып берүүгө АКШнын ынтызарлыгын көрсөтөт.

Былтыр Евгений Гуревич «Азаттык» менен болгон маегинде Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин айткан.

Бөлүшүү