Жалал-Абадда улак тартыш учурунда атчан улакчы токко урунду (Видео)

Автор -
885

Жалал-Абад облусунда улак тартыш учурунда улакчы аты менен электр мамысын сүзүп, аларды ток урган видео тарады. Тасманы Нурлан Токтосунов аттуу Facebook колдонуучусу ОШТUКТАR группасына жүктөгөн.

Видеодон 10го жакын адамдар каналда жаткан ат менен улакчыга жардам берип, улакчыны жерге көмүп, ага биринчи жардам берилип жатканы байкалат.

Маалыматка ылайык, окуя 3-мартта болгон ат ошол жерде жан берген. Ал эми улакчыны ооруканага алып кетишкен.

Бөлүшүү