Бакиров: Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бензиндин баасынын айырмасы – 10 сом

Автор -

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бензиндин баасынын айырмасы – 10 сом. Бул боюнча калк арасында аргандай күдүк суроолор жаралууда. Ал эми Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги да, башкасы да аны жөндүү чечмелеп бере албай келет. Эмне үчүн? Депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда ушундай собол салды.

«Мисалы, бизде бензиндин акциздик салыгы – 5 сом. Ага жол чыгымы, ортодон пайда табуу сындуу дагы башка чыгымдар кошулат. Ошондон улам, Казакстан менен айырма 10 сомго чыгып отурат. А, силер жөнөкөй эле нерсени жөндөп түшүндүрүп бере албай жатасыздар. Минтип иштөөгө болбойт»,
деди Мирлан Бакиров.

Андан тышкары, Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда 84 миӊ тонна картошка өндүрүлгөн. Депутат Абдывахап Нурбаев былтыр өндүрүлгөн өнүмдөр азыркыга чейин сатылбай турганын баса белгилеп, айыл чарба министрин бул маселени тезинен чечүүгө чакырды.

«Аны өзүӊөр жөндөп чече албасаӊар, башка донорлорго кайрылбайсыӊарбы»,
деди ал

Эске салсак, Айыл чарба министрлигине республикалык бюджеттен жылына 1 млрд 700 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнөт. Министрликте баш-аягы 6 миӊге жакын адам иштейт.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Бөлүшүү