Москвада кыргыз кызды унаа сүзүп кетти (Видео)

Автор -
2665

Москвада кыргыз кызды унаа сүзүп кетти. Бул маалыматтын видеосун Россияда жашаган Улан Кошматов Facebook социалдык тармагына жүктөдү.

«Бүгүн эртең менен Москванын Вавилова жана «60 лет октября» көчөлөрдүн кесилишинде кыргыз кызын унаа уруп кетиптир. Жолдо жаткан кызды аялдамага алып келип,  жардам бердик. Кыз шок абалында сүйлөй алган жок. Балким жакындары болсо, таанып калар»,
деп жазган ал.

Кызды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен.

Айрым интернет колдоонучулар айдоочу жок бекен деген суроого;

«Айдоочу жанында жардам берүүдө»,
деп билдирди Кошматов.

Бөлүшүү