Депутат: Эмне үчүн элибиз Айыл чарба министрлигине жийиркенич менен карайт?

Автор -

Эмне үчүн элибиз Айыл чарба министрлигине жийиркенич менен карайт? Эмнеден улам мындай болууда? Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда айыл чарба министри Нурбек Мурашевге ушундай собол салды.

Айыл чарба министри мындай мамилени өткөн жылы өстүрүлгөн өнүмдөрдүн өз маалында сатылбай калганы менен түшүндүрдү.

[ads-quote-center cite=’Нурбек Мурашев.’]«Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Ошондон улам, ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат. Мисалы, быйыл суу былтыркы эле көлөмдө болот. Суу чарба департаментине 238 млн сом каралды»,[/ads-quote-center] [ads-quote-center cite=’ деп, депутат Сайдулла Нышанов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду мындай акыбалга өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.’]«Айыл чарба тармагында кандайдыр бир жылыштарды жасашыбыз керек. Айыл чарба министрлигинин ишине нааразычылыктар көп, чече турган көйгөйлөр да арбын. Биз өткөн жылы орун алган көйгөйлөрдөн туура жыйынтык чыгарып, анан алга жылууга тийишпиз. Ансыз ишибиз оӊолбойт»,[/ads-quote-center]

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги өткөн жылы дыйкандарды картошканы көбүрөөк айдоо жөнүндө кеӊеш берген. Анын натыйжасында Кыргызстанда 84 миӊ тонна картошка өндүрүп, ал азыркыга чейин өз баасында сатылбай турат. Ошондон улам, калк арасында Айыл чараба министрлигинин ишине карата көптөгөн нааразычылыктар жаралууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.