Бишкек шаарынын айрым аймактарында 14-мартта таза суу өчүрүлөт

Автор -

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 14-мартта саат 9-00 дөн 17-00 чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Киркомстром» суу башатындагы профтилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү менен чектелген аймакта ичүүчү суу токтотулат.

Суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

— «Бишкектеплоэнерго» казанында,

— ААК «БСМ»,

— ЖЧК «Нургаз» (газ толтуруу),

— Бекбоев медициналык борборунда,

— “Васипов” кичи нан чыгаруучу ишкана

— «Бактылуу Өлкө» бала бакчасында,

— Балдарды коргоо борбору,

— №37 Балдар комбинаты,

— №42 орто мектеби,

— № 97632 аскер бөлүгү.