Кыргызстандык спортчу Хельсинки шаарында өткөн эл аралык мелдешти жеңип алды

Автор -

Кыргызстандык спортчу Азат Үсөналиев Хельсинки шаарында өткөн эл аралык мелдешти жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бокс боюнча Gee Bee аталышындагы эл аралык мелдеш 7-марттан 10-мартка чейин Хельсинки шаарында болуп өткөн. Быйыл 38-жолу уюштурулуп жаткан мелдешке 15 мамлекеттен 97 спортчу катышкан.

52 килограммга чейинки чен бирдикте мелдешке катышкан Азат Үсөналиев мелдешти 1/2 финалдан баштап, Индиялык Сачин Шивач Сингх менен келип 4:1 эсебинде жеңишти камсыз кылган. Чечүүчү беттеште Казакстандык Азат Махметов менен мушташып. Үч раунд аяктаган соң калыстардын ажырым чечими менен Азат Үсөналиев жеңүүчү деп табылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү