Кытайдын Кыргызстандагы жаӊы элчиси дайындалды

Автор -

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь айым дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаментинен билдирди.

Бүгүн, 11-март күнү жаңы элчи министр Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана күтүлүп жаткан эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарларга даярдыктарды талкуулашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү