Чыӊгыз Айдарбеков Дүйнөлүк банктын вице-президенти менен жолугушту

Автор -

Кечээ,  30-сентябрда Вашингтонго жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча Вице-президенти Сирил Мюллер менен эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы, ошондой эле Борбордук Азия регионундагы учурдагы долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен кызматташуусунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке пландары талкууланды.

Министр Кыргыз Республикасынын экономикасындагы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө, курчап турган чөйрөнү коргоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу чөйрөсүндө Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун ишке ашырылуусунун жүрүшүнө, ошондой эле өлкөнүн гидроэнергетикалык дарамети менен региондорун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктын өкүлүнүн көңүлүн бурду.

С.Мюллер, өз тарабынан, өлкөдөгү Дүйнөлүк банктын долбоорлорун өз убагында ишке ашыруу маселелеринде Кыргызстандын олуттуу салымын канааттануу менен белгиледи. Кыргызстан менен келечекте мындан ары да кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдарлыгын тастыктады.

Кыргызстандын Doing Business 2020 рейтингиндеги жетишкендиги белгиленди. Бул рейтингге ылайык, Кыргызстан бизнес жүргүзүү процедуралары жеңилдетилген эң алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына кирди.

Тараптар күн тартибинин учурдагы маселелери боюнча туруктуу пикир алмашып туруунун, анын ичинде, Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын кеңсеси аркылуу дагы пикир алмашып туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү