Депутат: «Кыргызалтын» компаниясынын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу иш жасаган жок

Автор -
Сүрөт: knews.kg

«Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рысбаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Депутат «Кыргызалтын» компаниясына караштуу кен кору түгөнүп, эбак жабылып калган «Макмал» кен ылгоо ишканасында азыр 130 адам иштейт деген маалыматты эске салып, муну кандай түшүнсө болорун сурады.

[ads-quote-center cite=’дейт Кожобек Рысбаев.’]«Ишканада 70 адам иштейт делсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун. «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок»[/ads-quote-center]

Тармактык комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына «Кыргызалтын» компаниясынын иши боюнча айрым маалыматтарды текшерип, 10-апрелге чейин анын жыйынтыгын маалымдар кылуу тапшырмасын берди. Ошондон кийин бирдиктүү чечим кабыл алынып, компаниянын ишине тийиштүү баа берилмекчи.