Бишкектеги окуу жайлардын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

Бишкектеги окуу жайлардын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33000 сом акча каражатын талап кылган. Мугалимдин бул аракетинен кийин студент ИИМге арыз менен кайрылган.

Арыз “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумга катталган. Ал эми ИИМдин Тергөө кызматынын Өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин (Мамлекеттик мекеменин кызматкеринин ири өлчөмдө акча түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуу) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«2014-жылдын июль айында А.Ж. аттуу жаран жогорку окуу жайлардын биринин бөлүмүнө контрактык негизде тапшырууну чечкен. Документтерди тапшыруу учурунда ал ЖОЖдун кызматкерлеринин бири менен таанышып, ошол жерден унверситетке өтүүгө жардам көрсөтөөрүн айтып, өзүнүн кызматы үчүн ал 200 АКШ долларын сураган. Ошол эле жылдын күз мезгилинин сентябрь айында ЖОЖдун кызматкери окуу жайда бош орун жок болгондуктан аны башка университеттин ошол эле факультетине өткөргөндүгүн билдирген. 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта ЖОЖдун кызматкери студенттен экзамендик сессияларды тапшыруу үчүн акча каражатын жана контрактык окуунун төлөмдөрүн дагы алып тургандыгы аныкталган. Ушул аралыкта ал жалпы суммасы 230 000 сом түзгөн акча каражатын алган. 2019-жылдын февраль айында студент 2014-жылы университеттин алдындагы колледждин биринчи курсуна өткөндүгүн, бирок ошол эле жылы окуудан чыгарылганын билген.
2019-жылдын март айында жабырлануучу кайрадан экзамендик сессияны тапшырууга акча каражатын талап кылып жаткан кызматкерге карата тиешелүү чараларды көрүп берүү үчүн ИИМге арыз менен кайрылууну чечкен» [/ads-quote-center]

Ушул жылдын 6-март күнү ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жумуш ордунда 33 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен шаардык ЖОЖдун биринин кызматкери катары эесптелинген мамлекеттик кызматкер кармалды.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.