Гүлнара Каримованын кызы апасы жана анын үй камагындагы жашоосу тууралуу айтып берди

Автор -
408

Британиянын The Guardian басылмасы Өзбекстандын туңгуч президентинин небереси, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримованын интервьюсун жарыялады. Анда ал апасы жана анын үй камагындагы жашоосу тууралуу айтып берген.

20 жаштагы Иман Каримова билдиргендей, ал 2014-жылы Улуу Британиядагы Брайтон колледжинде окуп жүргөн кезинде Ташкентке жайкы каникулга келип, өзбек укук коргоо органдары тарабынан апасынын кармалганына күбө болгон.

«Мен үйгө келген күнү атайын даярдыктагы милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келип, баарыбызды сыртка чыгарышты. Үйдөгү бардык документтерди, апам экөөбүздүн электрондук түзмөктөрүбүздү алып коюшту. Бизди үйдөн чыгарбай кайтарып турушту. Апам таятам менен сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок ага мүмкүнчүлүк беришкен жок»
деген Иман Каримова.

Анын айтымында, бул окуядан кийин ал бир жарым жыл Британияга кете албай, апасы жана үй кызматкерлери менен Ташкенттин сыртында үй камагында кармалып турушкан. Гүлнара Каримованын жардамчысы, 30 жаштагы Валентин аттуу келин үйүнө барып, балдары менен көрүшө албагандыктан, уксус ичип, өз жанын кыйган.

Учурда Иман Каримова Улуу Британиядагы эң престиждүү окуу жайлардын бири эсептелген Лондон экономикалык мектебинде билим алууда.

Мындан тышкары The Guardian Гүлнара Каримованын көптөгөн жылдардан бери Лондондо жашап жүргөн 26 жаштагы уулу Ислам Каримов менен дагы маек уюштурган. Каримов анда апасына оор айыптар тагылганын айтып, анын соту Өзбекстандын сыртында өтүшүн каалай турганын айткан.

«Апамдын сотун Швейцарияда өткөрсө болот. Азыр аны инсан катары толук жок кылуу аракети болуп жатат. Азыркы бийлик апам учурдагы элита өкүлдөрүнүн көбүнүн экономикалык кылмыштарын ачыкка чыгарышы мүмкүн деп коркуп жатат»
деген Каримов.
Бөлүшүү