Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи.
[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.’]«Башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүүсүнө жетишүү болуп саналат. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жана бажы алымдарын көбөйтүү үчүн ЕАЭБ рынокторун максималдуу колдонуубуз керек. Биз мамлекеттик каржыларды, мамлекеттик мүлктөрдү башкаруунун натыйжалуулугун өстүрүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын оптималдаштырып жана таасирдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз»[/ads-quote-center]Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, маанилүү багыттардын бири атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо болуп саналат.
«Экономиканын реалдуу секторунда жаңы кен иштетүү объекттерин ишке киргизүү жана инвестицияларды коргоо, кайра иштетүү өнөр жайын салыштырмалуу 17% кем эмес деңгээлге жеткирүү менен өндүрүштүк кубаттуулукту модернизациялоо жана кеңейтүү зарыл. Экиден кем эмес ири соода-логистикалык борборду түзүү аркылуу логистиканы жана сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын айтымында, социалдык чөйрөдө мамлекет тарабынан кепилденген бардык милдеттемелерди аткаруу зарыл.
[ads-quote-center cite=’деп белгиледи Премьер-министр.’]«Жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртып, балдарды мектепте билим берүү менен 98,8% камсыздоого жеткирүү керек. Баштапкы медициналык-санитардык жардам тутумун чыңдоо кажет. Заманбап дене тарбия жана спорт объекттеринин ар бир облуста курулушуна жетишүү зарыл. Учурда Бишкекте заман талабына ылайык стадиондун курулуш маселеси иштелип жатат»[/ads-quote-center]Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, калкты жана аймактарды жаратылыш катаклизмдеринен сактоо максаттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги райондук администрациялардын башчылары менен биргеликте жээктерди бекемдөө жана селден коргонуу иштерин жүргүзүүгө тийиш.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев төмөнкү долбоорлорду жана милдеттерди аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи:
— «өсүү түйүнүнүн» негизинде аймактардын экономикасынын өнүгүүсү жана өндүрүштүк күчтөрдү оптималдуу жайгаштыруу;
— «Коопсуз шаар» компонентин өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырууну аяктоо;
— салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун киргизүү;
— кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын өндүрүштүк режимде ишке киргизүү жана электрондук түрдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү 80ге чейин жеткирүү;
— бардык мамлекеттик органдарды «Түндүк» тутумуна кошуу;
— өлкөнүн айылдарында жашоочулардын 65% камтуу менен ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу жана кеңейтүү.
Ошондой эле Өкмөт башчынын айтымында, маанилүү милдеттердин бири – башкаруунун холдингдик тутумуна өтүү жана KPI (Улуттук башкаруу компаниясы) негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөр тутумун киргизүү аркылуу мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун трансформациялоо болуп саналат.
Анын ичинде «Кыргыз почтасы», «Кыргыз темир жолу», «Манас» Эл аралык аэропорту» сыяктуу ири ишканалар модернизациялоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн жеке инвестицияларды тартуу менен реформаланышы керек.
«[ads-quote-center cite=’деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.’]Мындан тышкары экспорттук-импорттук операцияларды колдоону кеңейтүү үчүн РСК банкты капиталдаштыруу процедураларын тездетүү, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду 2 млрд сом өлчөмүндө каржылоо механизмин киргизүү керек. Жыл сайын пландар аткарылып, биз 15,7 млрд АКШ доллары суммасына пландаштырылган 103 улуттук инвестициялык долбоорду ишке ашыруубуз зарыл»[/ads-quote-center]
Премьер-министр Өкмөттүн 2019-жылга карата Программасын ишке ашыруунун мониторинг тутумун ай сайын натыйжалуу иштеп чыгуу жана киргизүүнү, кыска мөөнөттө макулдашууну аяктап жана Мамлекеттик органдардын ишмердигин пландаштыруу жана баалоонун жаңы методикасын бекитүүгө сунуш кылууну тапшырды.
Ар бир мамлекеттик орган үчүн конкреттүү ченемдик көрсөткүчтөр коюлушу керек, алар боюнча министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугу бааланат.