Депутат: Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара участкалары демаркацияланбай турат

Автор -

Кечээ, 13-март күнү кыгыз-тажик чегарасында болгон жаӊжал коӊшу өлкөлөрдөгү чегара көйгөйлөрүн тезинен чечүү зарылдыгын дагы бир ирет көрсөттү. Менимче, Өкмөт бул маселеге өзгөчө көӊүл буруп, өкмөттөр аралык аралык комиссияга ушул кезге чейин такталбай келаткан чегара участкаларын делимитация жана демаркациялоо ишин ыкчамдатып чечүүгө тапшырма берүүгө тийиш. Биз дагы өкмөттөр аралык аралык комиссиянын маалыматын угушубуз керек. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чегарасынын 75 пайызы толук такталып, делимитация болгон, бирок ушул кезге чейин демаркациялана элек. Эмне себептен эбак такталган чегара участкалары ушул кезге чейин демаркацияланбай турат? Ушу тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасын тактоо жаатында кандай чаралар көрүлүп жатат? Биз кыргыз-тажик чегарасы боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө да маалымат алып, тактала чегара участкаларын делимитация жана демаркациялоо чараларын көрүшүбүз керек»
деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү