Тиллаев: Өкмөт мамлекеттин коопсуздугун, жарандардын бейкуттугун унутуп койду

Автор -
214

Өкмөт мамлекеттин коопсуздугун, жарандардын бейкуттугун унутуп койду. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев бүгүн парламентте билдирди.

“Чек арадагы чатактан улам Баткендин Лейлек районуна жол жабык. Тажик тарап жүк-200дү да өткөрбөй коюшту.  Өкмөт кодекстер, “Коопсуз шаар” менен алек болуп, мамлекеттин коопсуздугун, жарандардын бейкуттугун унутуп койду. Бир ай мурда эле айткам, жазгы талаа иштери башталып, чек арада кайра маселе жаралат деп. Бирок өкмөт буга көңүл бурбады”
деди депутат.

Белгилей кетсек, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургуну жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Тажик тарап бир киши каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алганын билдирүүдө.

Чек арадагы жаңжал: Бир адам ок тийип каза болду. Окуянын чоо-жайы

Бөлүшүү