Өзбек бийлиги Тажикстандын аймагы аркылуу Кытайга автотранспорт каттамдарын жандантууга ниеттенүүдө. РИА Новости агенттиги билдиргендей, тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
[ads-quote-center cite=’деп жазылган мамлекет башчынын токтомунда.’]«Өзбекстандын транспорт тармагынын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча чаралардын тизмеси бекитилди. Пилоттуу негизде Өзбекстан — Тажикстан — Кытай багыты боюнча автожүрүш уюштурулат»[/ads-quote-center]
Өзбекстандын Транспорт министрлигинин өкүлү билдиргендей, учурда аталган автожүрүштүн каттамы иштелип чыгууда.
[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Бул автожүрүш Өзбекстан менен Тажикстандан Кытайга жүктү түз жеткирүүнүн мүмкүндүктөрүн так көрсөтүшү керек»[/ads-quote-center]Токтомдо мындан тышкары Ташкент облусундагы «Камчик» ашуусу аркылуу өткөн оор салмактагы жана ири көлөмдөгү транспорт каражаттарынын санын азайтып, аларды Тажикстандын аймагы аркылуу өтө турган транспорт коридорлорунда жүргүзүү чаралары дагы каралган.