Бишкек шаарындагы турак жайдан өрт чыкты

Автор -

Бүгүн, 15-март  Бишкек шаарындагы турак жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Костонай жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу 12:07 маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет»
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү