Бишкек жана Ош шаарларында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтөт

Автор -

«Өлкөнү өнүктүрүү жана санариптештирүү»  жылына карата 15-марттан 21-мартка чейин Ак-Кула ат майданында Бишкек шаарында Нооруз майрамына карата ат оюндары өтөт.

Маалыматка ылайык, иш-чарада көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш улуттук оюндары болот. Ошондой эле аталган оюндар Ош шаарында да өтөт.

Белгилей кетсек, ат оюндары жыл сайын Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана спорттун түрлөрү боюнча Федерациялар менен биргеликте уюштурулуп келет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү