Кашкар Жунушалиев чек ара жаӊжалында денесинен жаракат алган жарандардан кабар алды

Автор -

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев 2019-жылдын 13-14-мартында ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады. Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар эле.
[ads-quote-center cite=’деди Кашкар Джунушалиев.’]“Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңүздөргө, үй-бүлөөңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин. Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”[/ads-quote-center]
Өз кезегинде Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери денесинен октон жаракат алган эки жарандын жана бир милиция кызматкеринин абалдары туруктуу экендигин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.