Казакстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Автор -

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын Өзбекстандагы элчиси Ерик Утембаевди жумуштан бошотту.

Акордонун сайты маалымдагандай, Утембаев 2018-жылы октябрда кызматынан четтетилген.

2018-жылы 16-октябрда Казакстандын Мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөш агенттиги Ерик Утембаев өзгөчө ири өлчөмдө акча уурдаган деп шектелип жатканын билдирген.

[ads-quote-center cite=’деген агенттиктин өкүлү Жанна Бастарова.’]»Ал жооптуу кызматты ээлеп туруп, Казакстандын Өзбекстандагы элчилигинин курулушунда аткарылган иштер тууралуу атайын жалган актыга кол койгон деп шек саналууда. Анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин зыяны 140 миллион теңгеден (25,2 млн. сом – ред.) ашкан»[/ads-quote-center]

Казакстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп мурдагы сенатор жана Шымкенттин акими Дархан Сатыбалды дайындалды.