Ачык Өкмөт Улуттук Форумунун бешинчи кеңешмеси болуп өттү

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын жетекчилиги астында Ачык Өкмөт Улуттук Форумунун бешинчи кеңешмеси өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360 буйругу менен бекитилген 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук аракеттер планында каралган милдеттенмелердин жана иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү каралды.

«Сиздерге белгилүү болгондой, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө катышуу менен бирге биз өзүбүзгө жарандардын мамлекеттин жашоосуна активдүү катышуу мүмкүндүгүн жана укуктарын кеңейтүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу аркылуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча бир катар милдеттенмелерди алганбыз.

2018-жылы аталган иш активдүү жүргүзүлдү, анын жыйынтыгы катары 2018-жылдын октябрь айында 2018-2020-жылдарга Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук аракеттер планынын кабыл алынгандыгы жана бекитилгендиги саналат. План бекитилген учурдан тарта беш ай өттү, анын жыйынтыгы боюнча жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгилей алабыз», – деди вице-премьер-министр.

Атап айтканда, оңдуу натыйжа катары мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү үчүн электрондук аянтчанын киргизилиши эсептелет, 12 пилоттук мамлекеттик орган боюнча маалыматтарды ачыктоо процесси ишке киргизилди.

«Менин пикиримде, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү үчүн портал аркылуу электрондук аукциондорду өткөрүүгө багыт алуу чоң жетишкендик катары саналат. Аталган демилгеге жараша ачык-айкындык, ресурстук чыгымдардын кыскарышы, соодалашууга аралыктан туруп катышуу мүмкүндүгү камсыздалууда. Бирок мында да кемчиликтер бар, мындай мүмкүнчүлүк ижарага гана эмес, сатыкка, ошондой эле муниципалдык мүлккө карай да жайылтылышы кажет», – деп кошумчалады Алтынай Өмүрбекова.

Буга катар бир катар мамлекеттик органдардын милдеттенмелерди аткаруусун алып караганда, Иш-чаралардын деталдык пландары жана иш-чараларды ишке ашыруу боюнча финансылык эсептер жок, же алар бекитилген форматка дал келбейт.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жетекчилерине Улуттук Форумдун кийинки жыйынын өткөрүүгө прогресс болбогон шартта жеке жоопкерчилик каралары тууралуу эскертилди.

Тиешелүү түрдө аткарууну уюштуруу максатында жарандык коомдон демилгечи-иштеп чыгуучулардын жана түздөн-түз ишке ашыруу менен алектенген мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн кыйла тыгыз өз ара аракеттешүүсүн жана кызматташуусун камсыздоо зарылдыгы белгиленди.

Улуттук планды жүзөгө ашыруу процессине тартуу механизмдери катары Ачык Өкмөттүн Улуттук Форумунун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбоору талкууланып, жактырылды. Меморандумга кол коюу мамлекеттик органдардын ачыктыгын жогорулатуу боюнча конкреттүү иш-чараларды ишке ашыруу үчүн даректүү көмөк тартууга шарт түзөт.

Ошондой эле Иш-аракеттердин улуттук планынын милдеттемелерин сапаттуу аткаруу үчүн мүмкүн болгон маалыматтык-телекоммуникациялык чечимдердин бет ачары өткөрүлүп жана тармактык мамлекеттик органдарга мындай мүмкүнчүлүктөрдү деталдуу иштеп чыгуу тапшырылды.

Андан соң Иш-аракеттердин улуттук планына киргизүү үчүн жаңы демилгелер талкууланды:

курулуш тармагынын ачыктыгы Демилгесине кошулуу, онлайн жарыялоо жана калктуу аймактардын жана башка шаар куруу документтеринин эркин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менчигинин реестрин жарыялоону, юридикалык жактарды, анын ичинде юридикалык жактардын бенефициардык ээлери тууралуу маалыматтарды жана башка коомдук маанилүү реестрлерди, ошондой эле ачык маалымат түрүндө каттоону камсыздоо.

Маалымдама: «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү (OGP)- өкмөттөрдүн ачыктыкты, жарандардын укуктарын жана мүмкүндүктөрүн кеңейтүүнү, коррупция менен күрөштү жана башкарууну күчөтүү үчүн жаңы технологияларды колдонууну камсыздоо боюнча милдеттемелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге.

Кыргыз Республикасы Өнөктөштүккө 2017-жылы өткөн, ал эми 2018-жылы аткарууга 19 милдеттемени кабыл алган.

Бөлүшүү