УКМК: Айыл өкмөт башчысы 1000 доллар пара алып жаткан учурунда кармалды

Автор -

Ушул жылдын 15-мартында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда  кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. Ж.К. аталган жер участокко зарыл болгон документтердин процессин даярдап берүү үчүн 5 миң. АКШ долларын талап кылган»
деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү