Бишкекте мыйзамсыз түрдө орнотулган жарнамага 200дөн ашык эскертүү берилди

Автор -

Жылдын башынан бери мыйзамсыз түрдө орнотулган жарнама-маалыматтык конструкциялар боюнча 200дөн ашык эскертүү берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тиешелүү кызматтары үзгүлтүксүз түрдө рейддерди өткөрүүдө. Тилекке каршы, шаардагы мыйзамсыз жарнамалар кайрадан пайда болуп жатат.

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы эскертүүлөрдү берип, мыйзамсыз орнотулган жарнамалык баннерлерди чечүү иштерине активдүү түрдө катышууда. Бирок, учурда мыйзам бузуучуларды жоопко тартуу мүмкүн эмес, анткени, жарнама жайгаштыруу тууралуу тиешелүү бирдиктүү эрежелер али иштелип чыккан эмес.

Азыркы учурда, аталган ишкана атайын дизайн-коддун үстүндө иштеп жатат, тактап айтканда жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин түзүү иштери жүрүүдө. Мындай тартипти Бишкек шаардык кеңешинин жайландыруу эрежелерине кошуу сунушталды.

Депутатттар аталган документти жактыргандан кийин, мыйзам бузуучуларды Тартип бузуу Кодекси боюнча жоопко тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.