Эртеӊ, 29-мартта Бишкек шаарында карызын төлөбөгөн катардагы 8000 абоненттин электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын карызынын жалпы суммасы – 12,5 млн сомду түзгөн.
Төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөй аласыздар: «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», “БТА Банк” төлөм терминалдарынан, ошондой эле “UMAI”, «Элсом», «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «Кыргызпочтасы» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.