Бишкектеги жолду кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйылат

Автор -

Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактын дарактары кыйыларын маалымдады. Бирок канча дарак кыйыларын азырынча так айткан жок. Учурда атайын түзүлгөн комиссия жеринде иштеп жатат.

Буга байланыштуу активисттер бакты коргоп калуу үчүн кайдыгер эмес шаардыктарды 27-мартта чогулууга чакырышкан. Активисттердин айтымында, борбор калаанын өпкөсү деп эсептелген Ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алып келинип, 50 жылдан ашуун убактан бери өстүрүлүп келаткан өзгөчө дарактар бар. Жол салуу менен бактар кыйылып гана тим болбой, шаардын инфраструктурасы да бузулат.

Акыркы үч жылдан бери ботаникалык дендрарий бакты сугаруу, тазалоо иштерине шаардык волонтерлор тартылып, ал жакта түрдүү иш-чаралар өтүп келатат.

Мындан эки жыл мурун да борбор калаадагы Алиаскар Токтоналиев жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги дарактар жолду кеңейтүү максатында кыйыла баштап, активисттердин каршылыгынан кийин токтогон.

2018-жылы Кыргызстандын аймагында 3 327 даана ар кандай түрдөгү бак-дарак кыйылганын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги маалымдаган.

Бөлүшүү