Эртеӊ Бишкек шаарындагы карызын төлөбөгөн 8000 абоненттин электр энергиясы өчүрүлөт

Автор -

Эртеӊ, 29-мартта Бишкек шаарында карызын төлөбөгөн  катардагы 8000 абоненттин электр энергиясы өчүрүлөт.  Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын карызынын жалпы суммасы – 12,5 млн сомду түзгөн.

Төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөй аласыздар: «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», “БТА Банк” төлөм терминалдарынан, ошондой эле  “UMAI”, «Элсом», «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк»,  «Кыргызпочтасы» кассаларынан жүргүзүлгөн  электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү