УКМК чет элдик жарандарга мыйзамсыз виза алуу фактысын аныктады

Автор -
220

Ушул жылдын 29-февралында КР УКМК жүргүзгөн мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында, КР ТИМ Консулдук кызмат Департаменти менен биргеликте «Алтын Бугу – Золотой Олень» ЖЧКсынын жасалма документтеринин негизинде Кытай эл Республикасынын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксаат берүүчү электрондук виза алынгандыгы боюнча факты аныкталды.

Аныкталгандай, жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош областынын Өзгөн райондук башкармалыгынан, социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен.

Ушул жылдын 17-мартында бул факты жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине, КР Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренесинде ( Уюмдардан бюджетке салыкты жана башка милдетүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу ) каралган кылмыш белгилери боюнча катталды.

Чогулган материалдар КР ЭКККК Ош областы боюнча башкармалыгына тапшырылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.