Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталы Өмүрбековага шилтеме берип жазып чыкты.
[ads-quote-center cite=’деп билдирген Алтынай Өмүрбекова.’]»Мен билген маалымат боюнча, окуя «Ала-Арча» коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча ал жол кырсыгына кайсы жерден кабылганын так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат» [/ads-quote-center]Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.