Италияда эки поезд кагышып, 50дөн ашуун киши жабыркады (Видео)

Автор -

Италиядагы Комо шаарында эки поезд кагышып, кырсыктан 50 дөн ашуун киши жабыркады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки поезд карама-каршы багытта келип, сүзүшкөн. Бактыга жараша эки поезд теӊ жай ылдамдыкта бара жаткан. Жабыркаган алты жаран ооруканага жеткирилип, учурда абалдары туруктуу деп баланууда.

Кырсыктын чыгып келүү себеби азырынча тактала элек. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү