3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.
Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
[ads-quote-center cite=’ деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.’]«Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот»[/ads-quote-center]Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлат деп пландалууда.