Бир жылда Орусиядан Тажикстанга 966 «жүк-200» жөнөтүлдү

Автор -
369

Өткөн жылы Орусиядан Тажикстанга көбүнчө эмгек мигранттарынын сөөгү менен 966 “жүк-200” жөнөтүлдү.

“Азаттыктын” тажик кызматына тийген расмий баяндамага ылайык, “айрым түзүмдөр Тажикстан жарандарынын, өзгөчө эмгек мигранттарынын чет өлкөдө көз жумушуна кабатыр болууда”.

Баяндамада 2018-жылы Орусиядан Тажикстанга былтыркыга салыштырмалуу 90 “жүк-200” көбүрөөк жөнөтүлгөнү айтылат. Алардын ичинен 25 тажикстандык кыйноолордун кесепетинен мерт болгон. 2017-жылы Орусиядан 873 тажик жаранынын сөөгү салынган табыт келген.

Бөлүшүү