Президент Кытайга иш сапар менен барат

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков апрелдин аягында «Бир алкак – бир жол» аталышындагы эл аралык форумга катышуу үчүн Кытайга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык президент Жээнбеков Кытайга Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат. Иш сапар апрель айына пландалган.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин июнь айында Кыргызстанда өтө турчу ШКУ саммитин  келет деп күтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү