Күндүн видеосу: Кыргызстандык 13-жаштагы футболчу Түркияда жылдыз болду (Видео)

Автор -
1053

The Guardian басылмасы  «Галатасарай U-14» футбол командасынын капитаны, Кыргызстандык 13-жаштагы Бекназ Алмазбековдун футбол талаасындагы кыймыл аракетин баалап жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түркиядагы чемпионатта Бекназдын командасы «Истамбулспорго» каршы ойноп жатканда, ал футбол талаасында өзү кулап калат. Муну көргөн судья штрафтык согуу белгисин берет.

Бул учурда атаӊдаш команда чечим туура эмес экенин айтып, нааразы болушат.

13-жаштагы Бекназ мындай нааразычылыктан улам топту дарбазанын сыртына тээп, ортодо чынчылдык орнотот.